Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Валерий Залужный январда украин-америкалыктан 1000000 миллион доллар мурас алып, армиянын муктаждыктарына бергенин Би-Би-Си билдирди. Башкы штаб бул маалымат чын экенин тастыктады. Акчаны Залужныйга АКШнын жараны Грегори (Григорий) Степанец калтырган.